Биз жөнүндө

Кутмандуу күнүңүз менен урматтуу замандаш!

Эң алды менен Сизге, убакыт бөлүп, биздин кайрылуубузга көңүл бурганыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Экспресс Плюс лабораториясы 2001жылы негизделген. 15 жылдын ичинде бул лаборатория өнүгүп- өсүп, медицинадагы замандын суроосуна жана талапка шайкеш келген мекемеге айланды. Азыркы кезде 250 дөн ашык анализдер ар кандай ыкмалар менен, ошонун ичинде ИФА, ПЦР ыкмасы менен жасалат.

Биздин компаниянын өзгөчөлүктөрү:

1. Биздин негизги байлыгыбыз-бул биздин коллектив. Өзүнүн ишин билген, такшалган кесипкөй адамдар иштейт. Алардын арасында биология илиминин докторлору, медицина илимдеринин кандидаттары, жогорку даражадагы врачтар, лаборанттар бар. Азыркы кезде 50дөн ашуун өзүбүздүн жаштар ушул жерден өзүнө жумуш таап, жигердүү иштеп келе жатат.

2. Экспресс Плюс лабораториясынын күнүгө сарпталуучу жабдыктары (реактив, вакутайнер, пробиркалар) Көкөмерен Компаниясы аркылуу Америка, Россия, Кытай, Польша жб өлкөлөрдөн сатылып алынып турат.

3. Лабораториялык изилдөөлөр автоматташтырылган заманбап машиналарда жасалат.

4. 2005жылдан баштап Сапатты Сырттан Текшерүү -ССТ(ВОК -Внешняя оценка качества) программасына катышабыз. ССТ прграммасын RIQAS(RIQAS is the largest international External Quality Assessment (EQA) Британияниядан) жана CDC (Америкадан) аркылуу өткөрөбүз. RIQAS 115 өлкөдөн 31 миң лабораторияны камтыган дүйнө жүзүндөгү эң чоң компаниялардын бири. Ал эми «CDC» (Centers for Disease Control and Prevention) илимий-профессионалдык медицина долбоорунун жардамы менен 7 жылдан бери иштеп келе жатабыз.

Ошондой эле тажрыйба алмашуу үчүн биздин адистер Польша, Кытай (Шанхай, Гуанджоу, Шенжень), Беларуссия, Россия өлкөлөрүнө бир нече жолу барып окуп келишти. Биз ар дайым жаңылануу жана изденүү жолундабыз. Жаңы жабдыктар, жаңы сезимтал реагенттер менен иштөө аркылуу өзүбүздүн кардарларды арзан жана сапатуу тейлөө - бул биздин негизги максат.

5. Сапатты жана ишти тездетүү үчүн (ЛИС) автоматташтырылган информациялык прграмма штрих код аркылуу ишке ашат. Биздин командада 3 дасыккан программист иштейт.

6. Экспресс Плюс Лабораториясына 2010 жылы МАКтын (медициналык аккредитациалоо комиссиясы) 1 категориясы ыйгарылган. Азыркы кезде лабораториялык стандарттар боюнча ISO (International Organization for Standardization)эл аралык стандартташтыруу организациясына мүчөлүккө кирүүгө аракеттер болууда.

7. Биз элге жакынбыз. Өлкөбүздүн ар бир райондорунда жана областтарында биздин филиалдарыбыз иштөөдө.

8. Бааларды биз жүйөөлүү себептер менен гана көтөрөбүз, ошондой эле бааларды туруктуу абалда кармап турууга аракет жасайбыз.

9. Биз менен иштөө өтө ыңгайлуу, анткени:

- үйгө чакыруу кызматы иштейт (Мисалы: төшөктө жаткан оорулууга ыңгайлуу)

- СМС аркылуу жоопту алуу

- электрондук почта аркылуу анализдин жыйынтыгын алуу

- бир жумада 7 кун иштейбиз.

10. Биздин коллектив мекенчил: Экспресс Плюс Лабораториясынын жамааты кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү чоң салымы үчүн 2014 жылы Өкмөттүн Ардак грамотасына татыктуу болгон.

11. Ар дайым кайрымдуулук акцияларын уюштуруудабыз.

12. “Лаборант” окуу борбору 2008 жылы Билим Берүү министирлигинин лицениясы аркылуу биздин гана лабораторияда лаборанттарды окутуу 6орбору болуп уюшулган. Ким лаборант кесибин алам десе биз ага жардам бере алабыз.Заманбап лабораториялык техниканы иштетүүнү үйрөнүү, врач- лаборант, фельдшер

–лаборант жана лаборант билимин жогорулатуу курсу боюнча сертификат ала алат.

Биздин окутучулар Курманбекова Г.Т. биология илиминин доктору., Туркменова Э.М., Айдаралиева ж.б. тажрыйбалуу окутуучулар. Көңүл бурганыңыздар үчүн ырахмат!

Сиздер менен бирге Кыргызстанды өнүктүрүүгө дайым даярбыз!

Биздин жамааттын атынан Сизге чын ден соолук жана бакубатчылык каалайбыз!

НАПИШИТЕ НАМ

 




×